• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылы жолдорду кеңейтүүдөн улам 3 миңге жакын бак кыйылган

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. 2017-жылы жолдорду кеңейтүүдөн улам 3 миңге жакын бак кыйылган. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарбасы" муниципалдык ишканасы билдирет.

"2017-жылы жолдорду кеңейтүү жана реконструкция долбоорунун алкагында эң көп бак кыйылган. Долбоор боюнча 2 миң 938 бакты кыюу каралган. "Бишкек жашыл чарбасынын" агрономдору кээ бир жолдордун туурасын бир нече метрге кыскартууну макулдашып, айрым бактар кыйылган эмес", - деп билдиришти ишканадан.

Ишканадан билдиришкендей, былтыр кыйылган бактардын саны 829га жеткен. Алар авариялык абалга келгендиги үчүн алынган.

Пикир

Оставить комментарий