• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2017-жылы жолдорду оңдоо иштерине 135 422 миң сом каралган

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлиги бекитип берген 2017-жылдын тизмесине ылайык жолдорду оңдоо иштерине баардыгы 135 422 миң сом каралган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын титулдук тизмесинин негизинде, май айынын 25не карата Талас облусундагы жолдордо төмөндөгү иштер аткарылды:

1. Орто оңдоо боюнча (средний ремонт) 2017-жылга 10,18 чакырымга асфальт төшөө иштери каралган. Бүгүнкү күндө “Аманбаев-Көк-Сай”, “Госдорога-Бакайыр” жана “Покровка-Жайылган” жолдорунда алдыңкы катмарына шагыл төшөлүп, түздөлүп, тапталып асфальт төшөөгө даярдалды.

2. Учурдагы оңдоо (текущий ремонт) иштери боюнча төмөндөгү иштер аткарылды:

- Шагыл жана асфальт жолдордун четтерин (обочина) оңдоп-түзөө (профилировка) жумуштары аягына чыгарылды.

- Асфальт жолдордун тешиктерин жамоо иштери толугу менен жүрүп жатат. 2017-жылга 10940 м2 аянттагы тешиктерди жамоо иштери каралган. 25 май 2017- жылга карата 8224 м2 аянттагы тешиктер жамалып бүттү же 75,1 пайызга аткарылды. Анын ичинен Эл аралык маанидеги жолдор 100 пайызга, мамлекеттик маанидеги жолдор-30 пайызга, жергиликтүү маанидеги жолдор-10 пайызга аткарылды.

Асфальт жолдордун тешиктерин оңдоо жумуштары №3 Талас облустук аймактык бөлүмү жана жергиликтүү бийликтердин көзөмөлүнө алынган. Маселен №47-Жол тейлөө ишканасына караштуу асфальт жолдорунда жүргүзүлүп жаткан тешиктерди жамоо жумуштарын 22-май 2017-жылы Талас облустук телевидениеси аркылуу чагылдырылып, эртеси Талас облусунун жашоочуларына сыналгы аркылуу жеткирилген. Ошондой эле, 25-майга №19-Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы жолдорунда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө жумуштары Талас облустук телеканалы аркылуу чагылдырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий