• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2018-2019-окуу жылына жогорку окуу жайларда гранттык негизде окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. 2018-2019-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2018-2019-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилген, анын ичинен 4903 орун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлгөн. Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар аркылуу кадрларга карата муктаждыктарды жана бүтүрүүчүлөрдү эмгекке орноштурууну талдоо аркылуу каржыланат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өнөр-жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, тейлөө, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы кадрларга өтө муктаж болууда.

Ошондуктан гранттык орундарды бөлүштүрүүдө өнөр-жай (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү тармагы, жеңил, тамак-аш, өнөр жайы, курама өндүрүш), айыл чарба, энергетика, туризм сыяктуу атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн адистерди даярдоо зарылдыгы эске алынды. Мындан тышкары, «Таза Коом» жалпы улуттук санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга байланыштуу компьютердик технология жаатындагы адистиктер үчүн гранттык орундардын санын жогорулатуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий