• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2018-2020-жылдарга карата мамменчиктерди менчиктештирүү программасында 30 жакын объект каралууда – Тулебердиев

Экономика 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. 2018-2020-жылдарга карата мамменчиктерди менчиктештирүү программасында 30га жакын объект каралууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев билдирди.

Анын айтымында, программанын пайда болгондугуна эки жыл болгон. “Азыркы учурда өкмөттүн аппаратында 2018-2020-жылдарга карата жаңы программа каралууда. Андан соң документ Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт”, - деп билдирди ал.

Тулебердиев маалымдагандай, азырынча менчиктештирүү программасына кайсыл объектилер киргендигин айтууга болбойт, анткени документ бекитиле элек.

“Программа өзгөрүшү мүмкүн”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий