• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2018-2020-жылдарга КРнын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы

Президент 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Демократиялык мамлекетте мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу жана туруктуулугу жарандар өлкөнү башкаруу укугун шайлоо аркылуу ишенип берген шайлануучу органдардын мыйзамдуулугуна жараша болот. Шайлоолор элдик бийликти ишке ашыруунун жана коомдук пикирди билдирүүнүн, мамлекеттик механизмдин ишинин туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуунун негизги инструменттеринин бири болуп эсептелет. Таза, адилеттүү жана атаандаштыктагы шайлоо аркылуу түзүлгөн бийлик шайлоочулар үчүн ишенимдүү, бекем болуп, эл аралык коом тарабынан таанылат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын таза жана ачык-айкын шайлоосунун негизи болуп жарандардын шайлоо укугун кыйла толук камсыз кылган, эл аралык жана улуттук тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан натыйжалуу жана так мыйзамдар эсептелет.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы өзүнүн өнүгүүсүндөгү жаңы шайлоо модели боюнча дээрлик бир жумушчу цикл аяктаган этапта турат, бул этапта 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо, 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, референдум жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп өттү.

Жаңы модель боюнча шайлоону өткөрүү бир катар кадамдарды жана аракеттерди жасагандан улам мүмкүн болду, аларды жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, таза, ачык-айкын, адилет, атаандаштыктагы шайлоону өткөрүү максатында мамлекет менен коом жасады. Киргизилген жаңы технологиялар бюлеттендерди урнага жапырт таштоо жана «карусель» сыяктуу добуш берүүнү бурмалоонун методдорун толугу менен жойду. Шайлоонун натыйжасы добуш берүү аяктагандан кийин эки сааттын ичинде болжол менен 95% ыктымалдуулук менен билинди.

2017-жылдын октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо шайлоонун абдан тактыгы жана кыйла ачык-айкындыгы камсыз кылынганын көрсөттү, бул шайлоочулардын добуш берүү процессине жана добуш берүүнүн натыйжаларын чыгарууга болгон ишенимин көтөрүүгө, шайлоодогу атаандаштыкты күчөтүүгө негиз болуп берди.

2015-жылы шайлоо модели биринчи сыноодон өткөндөн баштап ар бир шайлоо болгон сайын иш жүзүндө болгон кемчиликтерге, байкоочулардын отчетторунда камтылган сын-пикирлерге талдоо жүргүзүлүп жатты жана мыйзамдык, уюштуруучулук жана техникалык мүнөздөгү чаралар кабыл алынып турду.

2015-2017-жылдары жаңы модель боюнча шайлоолор жыл сайын өттү — 2016-жылы референдумда жана жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда бир күндө добуш берүү өткөнүн кошо алганда жана шайлоолордун оротосундагы аралык кыйла аз болгонуна карабастан Жумушчу топтун Жогорку Кеңеш менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүнөн улам ар бир этапта жана шайлоо менен референдумдун ар бир деңгээли үчүн мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөр өз убагында кабыл алынды. Алар негизинен шайлоонун жаңы жол-жоболорун киргизүүгө жана мыйзамдардагы айрым жетишпестиктерди жоюуга багытталды.

Кыргыз Республикасындагы шайлоо реформасынын олуттуу ийгиликтерин, аларды өлкө ичинде жана эл аралык коомчулук таанып, жогору баалаган, ошол эле учурда шайлоо процессинде белгилүү бир проблемалар жана кемчиликтер бар, алар биринчи кезекте шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салуу менен байланышкан.

Кыргызстанда жаңы шайлоо цикли 2020-жылы башталат — кезектеги парламенттик шайлоо жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өтөт.

Мамлекеттик органдар жарандык сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташып, колдонуудагы мыйзамдарды системалуу талдоо, айрым кемчиликтерди жоюу гана эмес, жаңы мыйзамдарды жана практикалык чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн шайлоо ортосундагы азыркы үч жылдык мезгилди натыйжалуу пайдалануу керек, алар төмөнкүлөргө өбөлгө болууга тийиш:

  1. Өзүнүн эркин билдирүүгө болгон активдүү укук, ошондой эле шайланууга болгон пассивдүү укук катары жарандардын шайлоо укуктарын бардык деңгээлдеги шайлоого бардык субъекттердин катышуусунун так жана бирдей эрежелерин түзүү жана жарандардын шайлоо укугун камсыз кылууга тартылган мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын шайлоо процессинде өз ара аракеттенүүсүн жана жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу жакшыртуу.
  2. Парламенттик типтеги партияларды жарандардын кызыкчылыгын билдирүүчү институт жана өкүлчүлүктүү органдарды түзүүнүн институту катары өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү аркылуу парламентаризмди чыңдоо.
  3. Жалпысынан шайлоону уюштурууну жана каржылоону, шайлоонун коопсуздугун жана процесстин жүрүшүндө аны бузууга каршы күрөшүүнү жакшырта турган өзгөртүүлөрдү.

Жалпысынан шайлоо системасын реформалоодо шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, ачын-айкындыгын, мыйзамдуулугун жана демократиялуулугун күчөтүү боюнча алган багытты бекемдөө жана туруктуу кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек.

Ушуга байланыштуу шайлоо укугун жана процессин мындан ары өркүндөтүү максатында ички жана тышкы талдоонун, мониторинг жүргүзүүнүн негизинде, шайлоочулардын талаптарын эске алып узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү максаттарды жана милдеттерди аныктоо, ишке ашыруу зарыл.

2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы максаттарды жана аларга жетишүүнүн жолдорун ар тараптан комплекстүү тандоону камтыйт; шайлоо мыйзамдарына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттар, милдеттер жана иш-чаралар, шайлоо процессин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуунун айрым практикалык чаралары, ошондой эле пландалган мезгилге максаттарга жетишүүнүн индикаторлору берилген документ.

Аны ишке ашыруу жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, талапкерлерге жана саясий партияларга бирдей шарттарды түзүүнү өркүндөтүү, Кыргызстанда эркин демократиялык шайлоону өткөрүү үчүн негиз болуп калышы керек.

Пикир

Оставить комментарий