• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 581 млн сом көлөмүндө каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158 млрд 398 млн сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 581 млн сом көлөмүндө каралганы же ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөрү белгилүү болду. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2019-2020-жылдарда республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 129 млн сомду жана 144 млрд 559 млн сомду түзмөкчү.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 162 млрд 849 млн сом деңгээлинде белгиленген. Ал эми 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары 162 млрд 339 млн сомду жана 164 млрд 13 млн сомду түзөт.

Андан тышкары, республикалык бюджеттин тартыштыгы 2018-жылга 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт. Ички булактар боюнча терс сальдо 204 млн млн сом, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20 млрд 471 млн сом көлөмүндө каралган.

Пикир

Оставить комментарий