• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылдан тарта бүтүрүүчүлөр “Кыргызтесттен” өтүүгө милдеттүү болушат

Коом 0

Бишкек, 22.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2018-жылдан тарта 11-класстын бүтүрүүчүлөрү ЖОЖго тапшыруу үчүн кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерип, тесттен өтүүгө милдетүү болушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР билим берүү министринин орун басары Саллидин Калдыбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган чечим Өкмөт тарабынан кабыл алынган.

“Кыргызстандын ЖОЖна тапшырып жаткан абитуриенттер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүшү керек болот. Алар тесттен аралыкта (дистанттык) өтсө болот. Жараянды онлайн көзөмөлдөп туруу үчүн атайын “Кыргызтесттин” борборунда система иштелип чыккан. Ошондуктан окуучулар тестти жеринде тапшыра алышат”,-деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий