• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылдан тарта КР телеберүү жана радиолору үч жаңы мультсериалды көрсөтө башташат

Коом 0


Бишкек, 20.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2018-жылдан тарта КР телеберүү жана радиолору кыргыз тилиндеги үч жаңы мультсериалды көрсөтө башташат. Бул туралуу бүгүнкү жыйында “Кабар” агентигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Аким уулу Медербек билдирди.

Ал бүгүнкү күнү кыргыз тилиндеги мультфильмдердин аздыгы мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көйгөй жаратууда, ошондой эле улуттук баалуулуктарды жайылтууда жолтоо болууда деп белгиледи.

“Өткөн жылы “Ыйман” фонду жана Сауд Аравиясынын КРдагы элчилиги менен биргеликте 10 мультфильмдик сериал тартылган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тасмаларды талдап чыгып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына дал келген 3 сериалды тандап алды”, - деп билдирди комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ошентип, анын маалыматына ылайык мультфильмдик сериалдар ротацияга кийинки жылдан баштап берилет.

Пикир

Оставить комментарий