• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2018-жылдын 1-октябрынан тарта КРда пенсиялар жогорулатылат

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулатылат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, пенсияларды индексациялоо жыл сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары карай колдоого алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-жылдын 1-октябрынан тарта өткөн жыл үчүн жалпы көлөмү пенсионердин жашоо минимуму көлөмүнөн төмөн болгон пенсиянын базалык көлөмүн индексациялоо жөнүндө» жана «2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн көлөмүн индексациялоо жөнүндө» токтомдору кабыл алынган, ага ылайык, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта:

- 1 780 сом көлөмүндө белгиленген пенсиянын базалык бөлүгү 100 сомго индексацияланат. Мында пенсиясынын жалпы көлөмү өткөн жылкы пенсионердин жашоо минимумунан төмөнкү эсептелген (4 393 сом) пенсионерлер, б.а. 38% пенсионерлер үчүн (246,0 миң адам) индексациялоо жүргүзүлөт.

- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 1,07 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4 393 сомду түзгөн жана андан ашпаган пенсиялар үчүн 250 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 394 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 370 сомдон кем эмес индексацияласын;

Жогоруда аталган токтомдордун жыйынтыгы боюнча 4393 сомго чейин пенсия алган пенсионерлердин пенсиясы минималдуу түрдө 350 сомго жогорулайт.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында республика боюнча пенсиянын орточо көлөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиялардын жана киргизилген камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7,1%дан 18%га чейин көбөйөт. Тагыраагы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү орто эсеп менен 10,4% түзөт.

Бул иш-чаралар минималдуу чекти белгилөөнүн, ошондой эле пенсия тутумуна чоң чегерүүлөрдү жасаган жарандардын эсебинен аз камсыз болгон жарандардын кызыкчылыктарын коргойт.

648 миң пенионердин пенсиясын индексациялоого жалпы кошумча муктаждык 744,4 млн сомду түзөт, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 73,0 млн сом, Кыргыз Республикасынын Пенсиялык фондунун каражаттарынан 671,4 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий