• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

15-январга карата ашуулардагы кардын орточо бийиктиги тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Бишкек-Ош авто унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабындакардын орточо бийиктиги 25-65см, түштүк тарабында 131-137 чакырымдарында 65-135 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 20-85 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Бишкек-Ош авто унаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы)жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 30-115см түзөт. Көк-Бел ашуусу 351-365 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 50-65 см түзөт,жолдор тайгак, муз тоңгон.

Ала-Бука-Канышкыя автоунаа жолунун 40-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кардын орточо бийиктиги 40-80 см түзөт,жолдор тайгак, муз тоңгон. Жолдор ачык.

Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-5 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 30-60см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон.

Кара-Кулжа-Алайкуу Кызыл-Жар участкасында кардын орточо бийиктиги 10-30 см жетет, Тамчы участкасында кардын бийиктиги 10-40 см түзөт.

Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 10-35 см түзөт.

Нарын-Казарман авто унаа жолундагы (Кара-Көө ашуусу)ашууда кардын орточо бийиктиги 15-55 см түзөт,жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон.

Каракол-Эңгилчек авто унаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 20-65 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 62-68 чакырымдарында (Соок ашуусу) кардын орточо бийиктиги 40-55 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 30-50 см түзөт жолдор тайгак, муз тонгон.

2018-жылдын 15-январынан 16-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка- Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 16-22 январы күндөрү кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш –аракеттери жургузулөт.

Пикир

Оставить комментарий