• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылдын 9 айында 1 миңден ашык милиция кызматкери мыйзам бузган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. / Кабар/. 2018-жылдын 9 айында 1 миңден ашык милиция кызматкери мыйзам бузган. Бул тууларуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, күч органдарынын алдында милиция формасын кийип алып, коррупциялык иштерди жасаган кызматкерлерден арылуу тапшырмасы турат.

Ички иштер орган кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жана кызматтык тартипти бекемдөө иштери жүрүп жатат.

«Кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерин өзүбүз ачыктап, кызматтык иликтөө өткөрүп, материалдарды юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтөбүз», - деп белгиледи ИИМ башчысы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9 айында мыйзамсыз иш фактылары үчүн милиция кызматкерлерине карата 56 кылмыш иши козголуп, 66 кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мисалга, ички иликтөөлөр кызматынын мурунку башчысы С.Кочербаевдин материалдары Башкы прокуратурага жиберилип, «Пара талап кылуу» (171-б.), «Ыйгарым укуктарынан аша чабуу» (304-б.) беренелери боюнча кылмыш иштери ачылган жана учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы да иликтөөлөрдү жүргүзүүдө. 9 айда мыйзамды бузган 1 миң 108 кызматкер аныкталып, аларга карата тартиптик жаза колдонулган.

Терс себептер менен ички иштери органдарынан 138 кызматкер иштен айдалса, 204 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Милиция кызматкерлерине 1 миң 857 арыз түшсө, анын 212 факты тастыкталган.

«Азыркы тапта, ички иштер министрлигинде мыйзамдуулукту сактоо, кызматкерлер арасында коррупция жана мыйзамды бузуу фактыларды аныктоо, мыйзамсыз кармоо, кыйноо, жарандардын укуктарын бузуу фактыларын ачыктоо боюнча иштер аткарылууда», - деп кошумчалады Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий