• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылдын башына карата ИДП көлөмү 59 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 14.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январынан февралына чейин ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала божомол менен 59 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда бул көрсөткүч 2,7% га өскөн. “Кумтөр” кенин иштетүүнү эске албаганда ИДП көлөмү 53 млрд сомду түзүп, 3,3% га жогорулаган.

“Өнөр жай продукциясынын көлөмү 36 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,4%га өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү текстилдик өндүрүштө (2,3 эсеге), кийим өндүрүшү (44,6%), резина жана желим буюмдар, башка металл эмес минералдык продукцияны (36,5%) жана мунайзат продукцияларын өндүрүүнүн эсебинен камсыздалган”, - деп билдиришти комитеттен.

Электр энергиясы, газ, буу жана конденсацияланган аба менен камсыздоо көлөмү 2017-жылдын январь-февралында электр энергиясын өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн эсебинен 12,7% га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий