• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылдын башынан бери Кепилдик фондунун капиталы эки эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери Кепилдик фондунун капиталы эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Малик Абакировдун айтымында, 2018-жылы июль айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кепилдик фондуна кошумча 300 млн сом бөлүп берди жана эми анын уставдык капиталы 582 млн сомду түзөт. Бул фондуга региондордогу ишкерлерге берилген кепилдиктердин көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

«Биздин алдыбызга регионордогу кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого көп көңүл буруу милдети коюлган болчу. Бул багытта фонд 11 коммерциялык банктар, анын ичинде Айыл банкы жана Россия кыргыз өнүктүрүү фонду менен ийгиликтүү кызматташууда”,- деп, ал Мамлекет башчысына маалымат берди.

Малик Абакиров коммерциялык банктар жана Россия-кыргыз өнүктүрүү банкы менен бирге бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Алардын арасында Ош облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү завод, Кочкор районундагы быштак чыгаруучу завод, Ысык-Көл облусундагы жемиштерди кайра иштетип, кургатып, экспортко жөнөтүүчү ишкана бар. Ошондой эле бир нече күнөсканалар курулду. Жакынкы күндөрдө Талас облусундагы курулушу “РСК банк жана “Айыл банкы” менен бирге каржыланган төө буурчакты кайра иштетүүчү завод пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, Малик Абакиров Кепилдик фонд региондордогу фермерлер менен дыйкандарга алардын финансылык сабатын жогорулатууга көмөктөшүүдө. “Биз аларга бизнес пландарды түзүүдө жана меркетинг иштерин уюштурууда жардам беребиз. Бул үчүн өлкөнүн башка финансы мекемелери сыяктуу бардык облустук борборлордо биздин да өкүлчүлүктөрүбүз иштейт жана алар жер-жерлердеги фермерлер менен дыйкандарга финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жардам беришет. 2017-жылы өлкө боюнча биздин кардарларыбыз болгон 376 ишкерлерди окуттук, ал эми 2018-жылы окуудан өткөндөрдүн саны 570 адамдан ашты”,- деди Малик Абакиров.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди, “кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК башкармалыгын төрагасы Мурат Акимовду жана «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды. Аталган финансы институттарынын жетекчилери Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жырялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында республиканын региондорундагы ишкерлердин каржылоого жетүүсүн камсыз кылуунун жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий