• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылдын башынан бери Кыргызстанга чет өлкөлөрдө каза болгон 128 жаран жеткирилген

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери Кыргызстанга чет өлкөлөрдө каза болгон 128 жаран жеткирилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев журналисттерге билдирди.

“200 жүгүн ташып жеткирүү Тышкы иштер министрлиги тарабынан демилгеленгенин белгилеп өтүү керек. Биз бардык авиакомпаниялар биздин жарандардын сөөктөрүн бекер жеткиришин демилгелегенбиз”, - деди ал.

Букалаев КРнын Транспорт министрлиги өзүнүн ички токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизгенин, октябрдан баштап Кыргызстанда катталган авиакомпаниялар мындай ташып жеткирүүлөрдү бекер ишке ашырууга милдеттүү болорун кошумчалады.

Ошондой эле мамлекет каза болгон жарандардын туугандарына 50 миң сом төлөп берет.

Пикир

Оставить комментарий