• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2018-жылдын биринчи митинги: Шаардык дарыгерлер №1 ҮМБ директорун кызматтан кетирүүнү каалашууда

Коом 0

Бишкек, 08.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. 2018-жылдын алгачкы митинги катары Бишкектеги Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин чыгышы болду. Алар директорун кызматтан алууну талап кылышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, митингге 15ге жакын адам чогулган. Учурда ушул гана маалымат бар. Митингге чыккан дарыгерлердин нааразычылыктары жана талаптары тууралуу кеңири маалыматты кийинчерээк беребиз.

Басма сөз кызматынан ССМ жетекчилиги сүйлөшүүгө даяр экенин жана жакынкы убакытта бул жагдайды чечүү чаралары көрүлөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий