• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2018-жылдын ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 50 млн. долларга өскөн

Экономика 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. 2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы+ички) карызынын өлчөмү 4 млрд 477,43 млн АКШ долларын (312 млрд 737,32 млн сомду) түздү. Бул тууралуу финансы министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинде:

мамлекеттик тышкы карыз – 3 млрд. 838,29 млн. АКШ доллары (268 млрд. 95,03 млн. сом);

мамлекеттик ички карыз – 639,14 млн. АКШ доллары (44 млрд. 642,29 млн. сом).

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 31-октябрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд. 427,11 млн. АКШ долларын (308 млрд. 497,99 млн. сом ), түзгөн:

Анын ичинен:

- 3 млрд. 806,90 млн. доллар (265 млрд. 279,50 млн. сом) мамлекеттик тышкы карыз;

- 620,21 млн. доллар (43 млрд. 218,49 млн. сом) мамлекеттик ички карыз.

Пикир

Оставить комментарий