• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 6,6% өскөн - Алыбаев

Экономика 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы январь-декабрь айларында ИДПнын өсүшү 557,1 млрд. сомду түзгөн. Өсүүнүн реалдуу темпи 3,5%ды түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, экономикалык өсүш экономиканын баардык сектору тарабынан камсыздалган: айыл-чарба секторунда өсүү 2,7%ды түзгөн, курулушта – 7,8%, кызмат көрсөтүүдө – 2,1% жана өндүрүштө – 5,5%.

“2018-жылы улуттук экономиканын өсүүсү тышкы чөйрөдө болгон ар кандай оор кырдаалдар маалында жүргүзүлгөн. Алсак, геосаясий коркунучтар, финансы рыногундагы туруктуулуктун жоктугу, “соода согуштары”, мунайга болгон дүйнөлүк баалардын жана доллардын курсунун өзгөрүүсү. Аталган жагдайлар экинчи каналдар аркылуу баары бир кандайдыр бир таасир тийгизген”, - дейт ал.

Ошондой эле Алыбаев былтыркы жылы тышкы соода жүргүртүү 6 млрд. 672 млн. долларга жүргүзүлгөндүгүн билдирген. Бул 2017-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 6,6%га өскөн. 2018-жылы экспорт 2017-жылдын деңгээлинде сакталып, 1 млрд. 764,6 млн. долларды түзгөн.

“Ошондой эле 2018-жылы айлык акы орточо эсеп менен 16 миң 218 сомду түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 5,4%га өскөн”, - деди Алыбаев.

Пикир

Оставить комментарий