• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2018-жылга карата республикалык бюджетти аткаруунун жыйынтыктары чыгарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Мында 2018-жылга карата өлкөнүн республикалык бюджетин аткаруунун жыйынтыктары талкууланды.

Коллегиялык жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилери катышышты.

Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери өткөн жылдын болжолдуу жыйынтыктары жөнүндө тийиштүү маалыматты сунушташты.

Белгиленгендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП өсүүсү 3,5% түздү. Болжолдуу маалыматтар боюнча, республикалык бюджет 135 437,6 млн сом суммасында жыйынды киреше жана 142 071,5 млн сом суммасында жыйынды чыгашаларды эске алганда 6 633,9 млн сом дефицит менен аткарылды.

Республикалык бюджетке 103 736,9 млн сом салыктык киреше түшкөн, бул 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 13,4 %га, же 12,3 млрд сомго көп. Салыктык эмес түшүүлөр 22 552,0 млн сом суммасында эсептелди.

Мындан тышкары 2018-жылга карата Мамлекеттик инвестициялар Программасынын каражаттары боюнча бюджетти аткаруу болжолдуу түрдө 14 889,0 млн сомду түздү (бекитилген пландан 4,7 млрд сомго аз).

2018-жылдын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттик саясатты ишке ашыруу жана бюджетти түзүү маселелерине токтолду.

«Оңдуу учурлардын катарында өткөн жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу биз бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жетишкенибизди атоого болот. Ал 6,6 млрд сомду түздү же ИДПга карата 1,2%, бул 2017-жылга караганда 10,7 млрд сомго төмөн. Биз «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырууну улантуу үчүн каражаттарды бөлө алдык. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында «Айыл банк» ААК жана «Кепилдик фондун» капиталдаштыруу ийгиликтүү аяктады, үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы көбөйтүлдү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга катар Өкмөт башчы коллегия катышуучуларынын көңүлүн айрым аткарылбай калган чечимдерге буруп, бир катар маселелерди белгиледи.

Тактап айтканда, Премьер-министр пландаштыруу боюнча жетишсиз ишти белгиледи, бул биринчи кезекте, күтүлүүчү тобокелдиктерди эске алуу менен пландаштыруунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын болбогондугуна жараша орун алган.

Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигинин жетекчилигинен аталган маселеге көңүл бурууну талап кылып, ай сайын кирешелерди жана чыгашаларды кассалык пландаштыруунун сапатын жакшыртуу боюнча чараларды өз учурунда кабыл алууну жана 2019-жылга республикалык бюджеттин пландык көрсөткүчтөрүн аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Премьер-министр бюджеттин чыгымдык натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуунун максатка ылайыктуулугун талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмалардын өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгына басым жасады, атап айтканда, атамекендик өндүрүшчүлөрдүн сатып алууларга катышуу шартын жакшыртуу жана ага колдоо көрсөтүү чараларын иштеп чыгууга тийиштүү маселелерге токтолду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык бюджеттин балансын камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынышына, экономиканы санариптештирүү боюнча күч-аракеттерди активдештирүүгө, ошондой эле өлкө Президентинин «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жөнүндө» Жарлыгында каралган чапраларды ишке ашырууну камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигинин Өкмөттүн экономиканы өнүктүрүү боюнча пландарын ишке ашыруудагы, 2019-жылдын бюджети иш жүзүндө өнүгүү бюджети болуп калуусундагы өзгөчө ролун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий