• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2018-жылга салык төлөөчүлөр менен 520 млн сомдон ашуун суммага салык келишими түзүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. 2018-жылга Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр менен жалпы суммасы 520 млн сом өлчөмүндө 1 миң 343 салык контрагын түзгөн. Бул тууралуу КР МСК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү ишкердик менен алектенген субъекттер менен 192,5 мл сом өлчөмүндө 834 салык контрагы, ден-соолук чыңдоочу комплекстер менен 17,9 млн сом өлчөмүндө 30 салык контрагы, турак-жай куруучулар менен 231,4 млн сом өлчөмүндө 44 салык контрагы, иштердин башка түрлөрү менен алектенген субъекттер менен 81,1 млн сом өлчөмүндө 435 салык контрагы.

Эскерте кетсек, салык контрагы салык органы жана салык төлөөчүнүн ортосунда түзүлөт жана төмөнкү салыктардын белгиленген суммасынын өлчөмүндө салык төлөөчүнүн макулдашылган салык милдеттенмесин аныктайт: киреше салыгы, салык салынуучу берүүлөргө КНС, сатуудан алынуучу салык. Контракттын негизинде салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн салык мезгили болуп бир календарлык жыл эсептелет (турак-жай куруучуларды кошпогондо, алар үчүн контракт ар бир объект боюнча 36 ырааттуу айга чейинки мөөнөткө түзүлөт).

Салык контрактын түзгөн чарба субъеттер утурлама текшерүүнү кошпогондо көчмө текшерүүлөргө дуушар болбойт.

Пикир

Оставить комментарий