• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2018-жылы 25 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын объекттери курулган

Өкмөт 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясынын алкагында 8 млрд 882 млн сом суммасына республиканын 425 айылында суу менен камсыздоо системаларын, ошондой эле 4 млрд 048 млн сом суммасына 27 райондук борбордо саркынды сууларды чыгаруу системасын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралган.

2018-жылы республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 250,0 млн сом каржыланган, анын эсебинен республиканын 25 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын объекттери реабилитацияланган жана курулган. Натыйжада 25,0 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыз болгон.

Муну менен бирге ичүүчү суу менен камсыз кылуу секторунда каржылоо Дүйнөлүк банктын, Европа бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн, Швецариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Ислам өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

2018-жылы жогоруда аталган эл аралык финансы институттарынын линиясы боюнча республиканын 17 айылында жалпы 554,6 млн сомдон ашык суммага ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын объекттери реабилитацияланган жана курулган. Натыйжада 20,0 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыз болгон.

Ошондой эле 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы 53,1 млн АКШ доллар суммасына 2 макулдашууга кол коюлган. Долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 60,0 миңден ашык жашоочу ичүүчү таза суу жана тазалоо курулмаларынын кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз болот.

Учурда республика боюнча 1819 айыл бар. Алардын ичинен 1334 айыл ичүүчү суу менен камсыздалган (жалпы санынын 74%). Ошентип таза ичүүчү суу менен 485 айылды камсыз кылуу калды, бул жалпы санынын 26% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий