• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы ажылыкка баруу үчүн ажылык серверине өлкө боюнча 6895 талапкер катталды

Коом 0

Бишкек, 01.03.18 /Кабар/. 2018-жылдагы ажылыкка талапкерлерди серверге каттоо иши кечээ, 28-февралда кечки саат 17:00дө токтотулду.

Муфтияттан билдиришкендей, быйылкы жылдагы ажылык серверине катталгандар өлкө боюнча 6895 талапкерди түзүп, берилген квотадан 1580ге ашкан. Ал эми берилген квотадан ашкан талапкерлер 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке турушмакчы.

Облустар боюнча катталган талапкерлердин саны:

Баткен облусу - 628

Ош облусу - 2548

Ош шаары - 782

Жалал-Абад облусу - 1313

Чүй облусу - 965

Бишкек шаары - 447

Талас облусу - 94

Нарын облусу - 45

Ысык-Көл облусу - 73

Пикир

Оставить комментарий