• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылы балдар тарабынан 1,5 миңден ашык кылмыш жасалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. 2018-жылы балдар тарабынан 1,5 миңден ашык кылмыш жасалган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын маалыматына ылайык, республика боюнча 2018-жылы өспүрүмдөр тарабынан жасалган 1 миң 527 кылмыш катталган. 2017-жылы - 878, 2017-жылы 829. 2017-жылы кылмыштардын саны 5,9%га, ал эми 2018-жылы 73,9%га өскөн.

2018-жылы өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган - 308,3%, Ошто - 123,4%, Жалал-Абад - облусунда - 97,6%, Ысык-Көл облусунда - 82,5%.

Пикир

Оставить комментарий