• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2018-жылы Бишкек ЖЭБиндеги оңдоо иштерине 537,7 млн сом бөлүнгөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) буу казан жана турбиналык цехтеринин башкы корпусу толук оңдоодон өттү. Бул тууралуу парламенттин отурумунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, ал имаратта терезелерге айнектер орнотулуп, чатыры алмаштырылган.

"Ошондой эле химиялык цехте жана башка оңдоо иштери аткарылды. 2018-жылы оңдоо иштерине каржылоо 129,4 млн сомго көбөйтүлүп, жалпы 537 млн. 700 миң сомду түзгөн. Октябрда жаңы химиялык цехтин курулушу аяктаган. Эмгек жамааты менен аварияга каршы окутуулар жүргүзүлгөн", - деди Боронов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште "Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

Пикир

Оставить комментарий