• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 6,6 млрд сомду түздү – Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2018-жылы республикалык бюджет 6 млрд. 633,9 млн. сом суммасындагы тартыштык менен аткарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Борбордук казыначылыктын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтуусунда, 2018-жылы дефициттин көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 10 млрд. 743,9 млн.сомго төмөндөтүлгөн.

“Ошону менен бирге тартыштыкты жабуу булактары боюнча бюджеттин аткарылышы 10 млрд. 743,9 млн.сомго төмөндөтүлгөн. Анын ичинен ички булактар - 9 млрд. 501, млн. сом жана тышкы булактар – 1 млрд. 980,4 млн. сом”, - деди Амандыков.

Ал билдиргендей, 2018-жылы республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 135 млрд. 437, 6 млн. сомду, ал эми чыгашалары– 142 млрд. 071,5 млн. сомду түзгөн.

“2018-жылы республикалык бюджетке 135 млрд. 437,6 млн сом суммасындагы жыйынды киреше келип түштү же белгиленген пландын (141 млрд.533,3 млн.сом) аткарылышы 95,7%ды түздү. 2017-жылга салыштырмалуу кирешелер 0,5%га же 725 млн.сомго көбөйдү”, - деп кошумчалады директордун орун басары.

Пикир

Оставить комментарий