• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2018-жылы эч кимден карыз сураган жокпуз – Абылгазиев

Экономика 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. "Өлкөнүн экономикасында биринчи ирет 2018-жылы башка мамлекет жана донорлордон карыз сураган жокпуз", - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиясында.

Анын айтымында, өкмөт бюджеттин дефицитин 22 млрд сомдон 12 млрд сомго чейин түшүрдү.

"Бажы жана Салык кызматтары 10 млрд сом чогултушту. Бул уюшуп иштөөнүн жыйынтыгы. Өткөн жылы 246 жаңы ишкана, анын ичинде фабрика жана логистика объектилери ачылды. Азыр айрым адамдар кошуна өлкөлөр менен болгон жакшы мамилебизди бузгулары келет. Буга байланыштуу ИИМдин ар бир кызматкери тартип орнотуу жана ал кишилерди жоопкерчиликке тартууга өкмөткө жардам кылышы зарыл", - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий