• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2018-жылы Казакстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,7%га өскөн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. 2018-жылы Казакстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны 5 миң 750 адамды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,7%га өскөн. Бул тууралуу Казак телеграф агенттиги Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитетине шилтеме келтирип жазат.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 5 миң 388 адам эмдөөдөн баш тарткан. Ошентип, былтыр эмдетүүнү каалабагандардын саны 6,7%га өскөн.

Баш тарткандардын басымдуу бөлүгү (51%) өзүнүн жеке көз карашы менен эмдетүүнү каалабайт. Диний себептер менен - 32%, вакциналарга ишенбегендер - 10% жана ММКдагы (басма сөз, ТВ, интернет булактары) терс маалыматтардан улам эмдетүүнү каалабагандар 6%ды түзгөн.

Коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин маалыматы боюнча, Казакстанда жылына 5 миллионго жакын адам, анын ичинде 1,3 миллион бала инфекциялык ооруларга каршы эмдөөдөн өтүп турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2017-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын саны дээрлик 7 миң кишини түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий