• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылы «Кепилдик фонду» 507 млн сом суммасындагы кепилдиктерди берди

Экономика 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. 2018-жылы «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому (ААК) жалпысынан 507 млн сом суммасындагы кепилдиктерди берүү менен кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кепилдикке алынган банк кредиттеринин көлөмү 1,779 млрд сомду түздү. 2016-жылдын башынан тарта 2018-жылдын 31-декабрына карата «Кепилдик фонд» ААК 755 млн сом суммасына 656 кепилдик берген, ал эми ишкерлер тарабынан фонддун кепилдиги астында алынган кредиттердин суммасы 2,752 млрд сомду түзөт.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешенин планы 14,8 млн сомду түзсө, иш жүзүндө 25,6 млн сом суммасындагы киреше алынган, мында өсүш 173 % түзөт.

Кепилдиктерге жараша 1225 жаңы жумушчу орун түзүлгөн, иштеп жатан 5887 жумуш орду колдоого алынган. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу долбоорлорго 141 млн сомдук 48 кепилдик берилген. Аял-ишкерлерге 224 млн сом суммасындагы 196 кепилдик берилген.

Кепилдиктер төмөнкү тармактарга берилген: айыл чарба жана балык чарбасы – 20%, кайра иштетүү өнөр жайы – 18%, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү – 14%, соода – 24%, туризм – 10%, транспорт – 6%, тейлөө– 7%, курулуш – 1%.

Аймактар арасында кепилдиктерди бөлүштүрүүнүн өлчөмү төмөнкүдөй: Бишкек ш. – 25%, Чүй облусу – 17%, Нарын облусу – 17%, Ош облусу – 12%, Жалал-Абад облусу – 7%, Баткен облусу – 7%, Ысык-Көл облусу – 8%, Ош ш. – 4%, Талас облусу – 3%.

Белгилесек, 2018-жылдын соңуна карай «Кепилдик фонд» ААК активдери 819,7 млн сомду түзсө, анын ичинде жеке капиталы 613 млн. сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий