• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2018-жылы "Кепилдик фонду" тарабынан 507 млн. сомго 419 кепилдик берилген

Экономика 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. 2018-жылы "Кепилдик фонду" тарабынан 507 млн. сом суммасына 419 кепилдик берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кепилдик фонд" ААКтын төрагасы Малик-Айдар Абакиров кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, кепилдикке алынган банк кредиттеринин көлөмү 1,779 млрд. сомду түздү.

“2016-жылдын башынан тарта 2018-жылдын 31-декабрына карата "Кепилдик фонд" ААК 755 млн. сом суммасына 656 кепилдик берген, ал эми ишкерлер тарабынан фонддун кепилдиги астында алынган кредиттердин суммасы 2 млрд. 752 млн. сомду түзгөн. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешенин планы 14,8 млн. сомду түзсө, иш жүзүндө 25,6 млн. сом суммасындагы киреше алынган, мында өсүш 173 % түзөт", - деди Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий