• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2018-жылы КРнын жапайы жемиш өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн сактоо боюнча эл аралык долбоор ишин баштайт

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий мааниге гана ээ болбостон, Кыргыз Республикасынын турмуш-тиричилигин камсыздоодо да чоң орду бар. Башында бул жерде бактарды, бадалдарды, декоративдик өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана акклиматизациялоо, ошондой эле жемиш бактарынын кайталангыс сортторун жаратуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Ошондой эле ал шаардык калктын сергек жашоо чөйрөсүн түзүү менен катар, шаардын абасын тазалоо жана нымдаштыруу үчүн жаратылыш чыпкасы катары кызмат аткарат.

14-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Эдуард Турдалиевдин Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын жана Миссури ботаникалык багынын (АКШ) өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.

Диалогдун негизги темасы 2018-жылы Кыргызстандын жапайы жемиш өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн сактоо боюнча кайталангыс эл аралык илимий долбоорду ишке киргизүүгө тийиштүү жүрдү. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары долбоор боюнча деталдык иш-аракеттерди жана 15-мартка пландаштырылган илимий экспедицияларды талкууга алды.

Аталган демилге алкагында Кыргызстан боюнча биргелешкен илимий экспедициялар, жапайы жемиш өсүмдүктөрүнүн маалыматтар базасы жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактагы илимий иштер пландаштырылган.

Миссури ботаникалык багы өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо үчүн техникалык жабдууну акысыз негизде берет, ошондой эле чоң эмес аянтты жапайы жемиш өсүмдүктөрүн иликтөө жана өстүрүү үчүн пайдаланат. Мындан тышкары, Миссури ботаникалык багы Кыргыз Республикасынын Ботаникалык багынын коллекциясын эсепке алуу жана иликтөө жүргүзүүсү үчүн програмалык камсыздоо берүүгө ниеттенүүдө. Бул өз кезегинде өлкөдө өсүмдүктөрдү сактоо жана иликтөө боюнча эл аралык деңгээлде илимий ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Долбоор Ботаникалык бактын кызматкерлери, коомчулук жана мамлекеттик органдар менен бактын аймагын сактоо жана өнүктүрүү маселеси боюнча тыгыз иш алып барган «Арча» коомдук фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

2017-жылдын соңунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ботаникалык бактын аймагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Ал бул жолугушууда жыл бою анын көзөмөлү астында бактын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык байланыштар жайгарылып, анын илимий мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер өткөрүлөөрү тийиштигин белгилеген. Ошондой эле Өкмөт башчы бакты Борбор Азиядагы гана эмес, жалпы дүйнөдөгү ири илимий борбор катары алга жылдыруу зарылдыгын баса белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий