• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылы Кыргызстан 600 миң тоннадан ашык айыл чарба өндүрүшүн экспорттоону пландоодо

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстан 600 миң тоннадан ашык айыл чарба өндүрүшүн экспорттоону пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, былтыр 500 миң тоннадан ашык айыл чарба өндүрүшү Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге экспорттолгон.

“Бүгүнкү күндө 400 миң тоннадан ашык өндүрүш экспорттолду. Мисалы, жашылчалардан капуста, сабиз 122 миң тоннадан ашык, жемиштер 59,5 миң тоннадан ашык, кургак жемиштер 59,7 миң тоннадан ашык, жаңгак жана бадамдар 11 миң тоннадан ашуун”, - деди Чодуев.

Быйыл экспорттун көлөмүн төө буурчак жана пахтанын эсебинен 600 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий