• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2018-жылы Кыргызстандан агылып чыккан каражаттардын көлөмү 22%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстандан чыккан каражаттардын көлөмү 22%га өскөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, 2018-жылы каражат которуу системалары менен өлкөдөн чыккан акчалардын көлөмү 22%га өскөн.

“2017-жылы бул көрсөткүч 451 млн. долларды түзгөн”, - дейт ал.

Улуттук банктын төрагасы кабарлагандай, өлкөдөн чыккан каражаттын төмөндөшү унааларды алып келүүдө тарифтердин төмөндөшүнө байланыштуу.

“Учурда өлкөгө унааларды алып келүүнүн өсүүсү байкалууда”, - дейт Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий