• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы Кыргызстандын ИДПсы 557 млрд. сомду түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3,5%га өсүп, 557 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, "Кумтөр" кенин эсепке албаганда ИДПнын өсүшү 3,5% болгон.

"Экономикалык өсүш экономиканын баардык тармактарынын аркасы менен болгон: айыл чарбасында реалдуу көлөм 2,7%га, курулушта 7,8%га, тейлөө тармагында 2,1%га, өнөр-жайда 5,5%га өскөн. 2018-жылдын январь-декабрь айларында сооданын дүң өндүрүлүшү 160,6 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5,1%га өскөн", - деди Панкратов.

Ошондой эле ал билдиргендей, Кыргызстандын 2018-жылдын январь-декабрь айындагы тышкы соода жүгүртүүсү 5,9 млрд. долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 6,2%га көбөйгөн.

"Былтыр өлкөнүн аймактарында 555 жаңы ишкана жана 6 миң 735 жумуш оруну түзүлгөн. Өткөн жылы орточо маяна 16 миң 218 сомду түзүп, ал жашоого жете турган кирешеден 3,5 эсе көп. Жашоого жете турган киреше 4 миң 792 сом, пенсия 5 миң 586 сомду түзгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий