• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы Кыргызстандын өнөр-жайы 250,6 млрд. сомдук продукция чыгарган

Экономика 0


Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы 250,6 млрд. сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү өнөр-жайдын эсебинен өскөн (соода – 25,7%, курулуш – 20%). Ички дүң продукция 557 млрд. сомду түзүп, 103,5% өсүш болгон.

"Ошол эле учурда, өнөр-жайдын ИДПдагы үлүшү 18,6%ды түзгөн. Жалпы өнөр-жайда 250,6 млрд. сомдук продукция чыгарылган. Учурда өнөр-жайдын түзүмү 4 негизги багытты камтыйт: кайра иштетүү өндүрүшүнүн үлүшү – 75,7%, энергетика – 15,3%, кен казуу – 7,9%, суу менен камсыздоо жана тазалоо – 1,1%", - деди Сагынбаев.

Анын айтымында, кайра иштетүүчү өндүрүш ишканалары 190 млрд. сомдук продукция чыгарып, өсүш 105% болгон.

"Өнөр-жайдын 24 тармагынын ичинен алтоо экономиканын негизи болуп турат. Алар өнөр-жай продукцияларынын дээрлик 90%ын түзөт жана анын бешөө кайра иштетүү өнөр-жайына кирет. Металлургия тармагынын үлүшү – 42,6%, тамак-ашты кайра иштетүү – 11,7%, курулуш материалдарын чыгаруу – 6,6%, мунай иштетүү - – 5,3%, текстиль-тигүү жана булгаары-бут кийим өндүрүшү – 3,3%. калган тармактардын үлүшү анча көп эмес", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий