• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туризм департаменти: 2018-жылы Кыргызстанга 3 млн турист келген

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 6 млн. 950 миң киши келген, алардын ичинен 3 млн турист. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга 1,4 турист келген.

"Бирок, туристтердин келишин эсептөө боюнча эл аралык стандарттар менен эсептесек, өлкөгө келгендердин дээрлик жарымы – туристтер. Биздин өлкөгө дээрлик 3 млн. адам келгенин айта алабыз. 2018-жылы туризм экспорту да өскөн", - деди Максат Дамиру уулу.

Туризм департаментинин директору билдиргендей, учурда беш жылдык программа иштелип чыккан.

"Бул ирет үч продуктка басым жасадык: Ысык-Көл, экотуризм жана кышкы туризм. Биз Ысык-Көлдө концерт, спорттук иш-чараларды өткөрүп, жакшы маршруттарды иштеп чыккыбыз келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий