• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2018-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталында 133 миң сынак өтүп, наркы 94,6 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. 2018-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталында товар, кызматтарды сатып алуу боюнча 132 миң 906 сынак өтүп, анын наркы 94,6 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова билдирди.

Маалыматка ылайык, электрондук сатып алууларды жүргүзүүдөн улам үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттар 5,2 млрд. сомду түзгөн.

"Жарыяланган кулактандыруулардын ичинен 45 миң 747 сынак өтпөй калган. Алардын наркы 24,4 млрд. сом болгон. 69,8 млрд. сомдук 87 миң 159 сынак аяктаган. Мамлекеттик мекемелер наркы 39,9 млрд. сомду түзгөн 70 миң 613 сынак өткөргөн. Андан 2,4 млрд. сом бюджеттик каражат үнөмдөлгөн. Ачык акционердик коому жана мамлекеттик ишканалар 24,6 млрд. сомдук 8 миң 130 сынак өткөрүп, 671,4 млн. сом үнөмдөлгөн. Жергиликтүү бийлик органдары наркы 15,1 млрд. сомдук 42 миң 201 сынак өткөрүп, 288,1 млн. сом үнөмдөлгөн", - деди Байзакова.

Ал билдиргендей, 2018-жылы жарыяланган сынактардын ичинен суммасы боюнча ири уюмдар кийинкилер:

1. "Электр станциялар" ААКсы – 8 млрд. 222 млн. 713 миң 390 сом;

2. Мамлекеттик байланыш комитети – 5 млрд. 200 млн. 289 миң 567 сом;

3. "Манас Эл аралык аэропорту" – 3 млрд. 62 млн. 691 миң 229 сом;

4."Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын филиалы – 2 млрд. 752 млн. 985 миң 383 сом;

5. "Түндүкэлектр" ААКсы – 2 млрд. 677 млн. 364 миң. 187 сом.

"2018-жылы арыздарды караган, ишенимдүү эмес жабдып туруучуларды (подрядчик) маалымат базасына киргизген мекемелер аралык комиссияга 2 миң 239 арыз, кайрылуу келип түшкөн. Ошондой эле ишенимдүү эмес жабдып туруучуларды (подрядчик) базага киргизүү боюнча 232 кайрылуу келген. Жыйынтыгында алардын 22си маалымат базага киргизилген", - деди Байзакова.

Пикир

Оставить комментарий