• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2018-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 250,6 млрд сомго продукция өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. 2018-жылы өнөр жай ишканалары 250,6 млрд сом суммасына продукция өндүрүштү, 2017-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 5,4 %га өскөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда (148,4 млрд сом), иш жүзүндөгү көлөм 107,3 % түздү. Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүдөгү оң салым Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы кошкондо, 1,0 пайыздык пункттагы деңгээлде бааланууда. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 18,6 %ды түздү.

2018-жылга өнөр жай өндүрүшүнүн күтүлгөн деңгээлине жетишилди жана иш жүзүндө 3,7 пайыздык пунктка жогору болду.

Отчеттук жылда өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын стабилдүү иши менен шартталды, ал отчеттук жылды ийгиликтүү аяктап, 534 миңден ашуун унция алтынды өндүрдү, натыйжада металл өндүрүү боюнча белгиленген жылдык көрсөткүч (510 миң унция) ашык аткарылды. Өсүш «Алтынкен» ЖЧК алтын чыгаруу фабрикасындагы даяр продукцияны чыгаруунун 2,9 эсеге жогорулашы, ошондой эле пайдалуу кенди казуу көлөмүнүн 8,1 %га жогорулашы менен да шартталды.

Ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү баалуу металлдардын өндүрүшүнүн 4,4 %га, пайдалуу кенди казуунун 8,1 %га өсүшү менен камсыздалды. «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, өндүрүш көлөмү 7,3 %га өстү.

Пикир

Оставить комментарий