• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2018-жылы өндүрүш 1,4 пайызга азайды. Металл кендерин казып алуунун көлөмү 65,3 пайызга кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2018-жылдын 10 айында 190 миллиард сомду түздү жана 2017-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1,4 пайызга азайды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин эркин жумуштар жана статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын январь-октябрь айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу төмөндөшү металл кендерин казып алуунун 65,3 пайызга, баалуу металлдарды өндүрүүнүн 3,5 пайызга кыскарышы менен шартталды.

“Кумтөр” кенин эске албаганда өндүрүштүн көлөмү 1,2 пайызга көбөйгөн. Өсүш мунайзат өндүрүштөрүн өндүрүүдө (22,7 пайызга), текстиль өнөр жайында (20,2 пайыз), кийим өндүрүүдө (20,1 пайызга), резина жана желим буюмдарда (25,2 пайызга),курулуш материалдарда (10,8 пайызга) камсыздалган.

Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоонун көлөмү өндүрүштүн өсүшүнүн жана электр энергиясын берүүнүн көлөмү 2017-жылдын январь-октябрь айларынын деңгээлинен 2,5 пайызга ашты.

Пикир

Оставить комментарий