• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2018-жылы санариптик хаб ишке киргизилет

Өкмөт 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. CASA-1000 электр өткөрүү линиясынын боюна жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде билдирди. Анын сөзүнө караганда 2018-жылы Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүн байланыштырган бирдиктүү санариптик хаб, аймактык долбоор Digital CASA – трансчекара телекоммуникациялык байланышын ишке киргизүү башталат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Digital CASA- CASA-1000 энегетикалык долбоорунун аналогдук аталышы. Ал аймактагы өлкөлөрдү өз ара жогорку ылдамдыктагы транс чекаралык интернет каналдары менен байланыштырат. Мында биздин аймак бардык континенттер үчүн негизги транзиттик хаб боло алат", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Долбоорду ишке ашыруунун башкы жыйынтыгында Борбор Азия жашоочулары бир топ арзан жана кеңири тилкелүү интернетке жеткиликтүү боло алышат. Буга альтернативдүү байланыштарды колдонуунун эсебинен жетишүүгө болот.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков CASA-1000 жана Digital CASA (Диджитал КАСА) долбоорлорун практикалык жактан тезирээк ишке ашыруу менен катышуучу-өлкөлөр ортосунда келечекте жемиштүү кызматташтык бекемделерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий