• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы токой өсүмдүктөрү 1,5 миң гектарга отургузулган

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Токой өсүмдүктөрү 2018-жылы 1 миң 525 гектарга отургузулган. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көчөттөр мамлекеттик токой фондунун жеринде отургузулган. Ал фонддон тышкары 11 гектар түзүлгөн. 13,9 гектарга бак жана бадал түркүмүндөгү көчөттөрү тигилген. Калк жашаган аймактарды жашылдандыруу үчүн бакчалар түзүлүп, тез өсүүчү көчөттөр отургузулган.

"Мындан тышкары, жергиликтүү калк үчүн мамлекеттик токой фондунун 363,3 миң гектар жери ижарага берилди. Анын ичинде 312,1 миң гектар токой жайыттары бар. Жалпы ижарага 35 млн. 587 миң сом, жайыттар үчүн 12 млн. 413 миң сом төлөнгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий