• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы жарандардын кайрылуулары боюнча Салык кызматынын 32 кызматкери жазага тартылды

Экономика 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы жарандардын кайрылуулары боюнча 32 кызматкерине жаза берди, ал эми 16 салык төлөөчү салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.

Салык кызматына 2018-жылы бардыгы болуп жарандардан жана юридикалык жактардан 176 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 38 билдирүү – электрондук почта аркылуу, жазуу жүзүндө – 97, “ишеним телефонуна” – 35 жана ММК аркылуу – 6 билдирүү.

Келип түшкөн арыздардын 109 (анын 7 фактысы боюнча 24 кат келип түшкөн) салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 24 – ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы, ал эми калганы – ар кандай маселелер боюнча болгон. Бардык кайрылуулар КР мыйзамдарына ылайык каралган.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө 56 арыз боюнча факт ырасталган эмес жана 30 боюнча – ырасталган, ал эми 6 карап чыгуу стадиясында турат.

Салык кызматкерлерине карата ырасталган 30 фактынын ичинен 8 даттанууда коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалымат камтылган, анын 4 фактысы ырасталып, 1 ырасталган эмес.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында 32 кызматкерге карата ар кандай жаза-чарасы колдонулуп, анын ичинен 7 – кызматтан бошотулса, 2 кызматкерге карата катуу сөгүш, 8 – сөгүш жарыяланып, дагы 9 – эскертүү жана 5 кызматкерге катуу эскертүү берилип, 1 ротацияланган.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулушу тууралуу 24 билдирүүнүн ичинен 16 билдирүү боюнча факт ырасталып, аларга карата административдик мүнөздөгү чаралар колдонулду. 7 даттануу боюнча фактылар ырасталган эмес, 1 факт карап чыгуу стадиясында турат.

Мындан тышкары, 2018-жылы 88 жаран МСКнын жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда болгон, анын ичинен жеке маселелер боюнча – 38 адам, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 46 адам, социалдык маселелер боюнча – 3 жана коррупция маселеси боюнча – 1.

Салык кызматынын системасында жарандардын кайрылууларын ыкчам жана өз убагында кароо максатында, “ишеним телефону”, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн электрондук даректер ишке киргизилип, “коомдук кабыл алуу” кызмат көрсөтөөрүн МСК эскертет. Бул жарандарга ыңгайлуу болгон – жазуу, оозеки жана электрондук форманын каалаган түрүндө кайрылууга мүмкүндүк түзмөкчү.

Ошондой эле, жарандар салыкчылардын иш-аракеттерине гана эмес, салык мыйзамын бузуу менен өз ишмердигин жүргүзгөн ишкерлерге карата да даттанууга болот.

Келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча МСК тийиштүү чара кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөө, текшерүү, рейддик салыктык контроль жана хронометраждык иликтөө жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий