• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы ЖККУга Казакстан төрагалык кылат

Саясат 0

Минск, 30.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2018-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Казакстан төрагалык кылат. Бул тууралуу Минскте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө Беларусиянын президенти Александр Лукашенко билдирди.

Ага байланыштуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөдү. Алгач, ал Сооронбай Жээнбековдун дагы бир ирээт президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктап, кыргыз элине ийгилик каалады.

Назарбаев төрагалык кылуу Казакстанга өткөндүгүнө байланыштуу 2018-жылдагы ЖКУУнун артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып өттү.

Анын айтымына караганда, 2018-жылы ЖККУ мүчө мамлекеттеринин аскерий тармакта аракеттешүү, практикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу, терроризмге каршы күрөшүү эл аралык системасын калыптандырууга катышуу, киберкоопсуздук коркунучтарына жооп кайтаруу, мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүүгө таасирдүү чараларды көбөйтүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

“Бул багыттардын бардыгы уюмдун мүчөлөрү тарабынан колдоо табат жана алар биргеликте чечилет деп ишенебиз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий