• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2018-жылы Тажикстанга 48 млн долларлык гуманитардык жардам берилген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. 2018-жылы Тажикстанга 62 өлкө гуманитардык жардам берген. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Тажикстанга дүйнөнүн ар кайсыл 62 өлкөсү гуманитардык жардам берген жана алардын наркы 48,4 млн. долларга чамалаган.

Тажикстандын статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөгө келген жардамдардын көлөмү 28,4 тоннаны түзөт.
2018-жылы Тажикстанга кирген гуманитардык жардамдардын негизгилерин ун, күн карама майы жана дары-дармектер түзөт.

Дүйшөмбүгө гуманитардык жардамдардын 14,3 пайызы Орусиядан, 16,6 пайызы Индиядан, 10,2 пайызы Кытайдан жана 9 пайызы Швейцариядан берилген.

Пикир

Оставить комментарий