• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-2023-жылдарга инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы менен бирге 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясынын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык ар бир баланын билим алуу укугун коргоону ишке ашыруу максатында ишке ашырылган.

Инклюзивдик билим берүү каралган документте мамлекеттин билим берүү саясатын ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт катары аныкталган.

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын ишке ашыруунун алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулардын билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү жөнүндө калкка кеңири маалымдоо, ар түрдүү кызматтарды түзүү аркылуу окуучуну билим алуу процессинде коштоо чараларын киргизүү, жаңы деңгээлдеги адистерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды окутуу жана тарбиялоо үчүн окуу-методикалык жана ресурстук борборлорду түзүү, буга чейин жалпы мектепке окуганга каршы көрсөтмөлөрү болгон окуучуларды медициналык колдоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын штатына «медайым» кызмат ордун киргизүү пландалууда.

Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча 2023-жылга карата төмөнкүлөр күтүлүүдө:

- билим алууга жете ала турган атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын санын көбөйтүү;

- интернат тибиндеги стационардык мекемелердин шарттарында окуган балдардын санын азайтуу;

- билим берүү уюмдарынын инфратүзүмүн атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен жакшыртуу;

- инклюзивдик билим берүүнүн, үй-бүлөлөрдү жана окуучуларды социалдык коштоо системасынын натыйжалуу үлгүсүн киргизүү;

-атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды коомго социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүп берүү.

Маалымдама:

Азыркы тапта угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү жана интеллектуалдык өнүгүүсү начар балдарды окутуу максатында республикада 14 атайын мектепке чейинки билим берүү уюму жана 18 атайын жалпы билим берүү уюму иштейт, алар жалпысынан 3 жаштан 18 жашка чейинки 5 миңден ашуун баланы камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий