• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2019-2023-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу Программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу Программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында кабыл алынды.

Ушул Программада саламаттык сактоо, билим берүү, экономикалык жана социалдык сектордун тармактарын өнүктүрүү программаларына интеграцияланууга тийиш болгон талаптар жана чектөөлөр аныкталган.

Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун башкы багыттарынын бири жана анын мамлекеттүүлүгүн жана азык-түлүк көз карандысыздыгын сактоонун фактору болуп саналат.

Буга чейин азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 618 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасында жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында чагылдырылган жана алардын алкагында ишке ашырылган.

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелеринин жогорку артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кеңеши тарабынан 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.

Ушул Программада Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттары эске алынды жана азык-түлүк коопсуздугун жана сапаттуу тамак-аш азыктарын камсыздоо боюнча жоболорду аткарууга багытталды.

Пикир

Оставить комментарий