• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2019-2023-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 02.02.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Программада жана иш-чаралар планында туристтик тармакты өнүктүрүүнүн локомотиви катары саналган өлкө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, Программада өлкөнүн артыкчылыктуу саналган жаратылыш жана тарахый-маданий обьектилеринин картасы чагылдырылган, алар атамекендик туризмди өнүктүрүү боюнча негизги түйүндөрдөн болуусу тийиш.

Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 47 пункт камтылган, алардын тийиштүү түрдө аткарылышы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармагы катары саналган туристтик секторду өнүктүрүүнү күчтөндүрүүгө шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий