• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы. Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарлыктын тексти:

«2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнү орто мөөнөттөгү келечекте өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп аныкталган.

Өзгөчө көңүл региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине бурулду.

Дотациялуу калктуу конуштарда ачылган өнөр жай жана инновациялык ишканалар үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү жөнүндө өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилди. Ушул өзгөртүүлөргө ылайык экспортко багытталган өнөр жай ишканалары, жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө пайда салыгын, сатуулардан алынган салыкты, мүлк жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат.

Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында машина-трактордук станциялар, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык салуунун режимин колдонуу жагында да мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Ата мекендик өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар үчүн иштин түрлөрү боюнча 80 пайызга кыскартуу менен кошумча нарк салыгын төлөө боюнча жеңилдиктер берилди.

Жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бар болгон сырьелук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган инвестициялык долбоорлор жер-жерлерде биринчи кезекте ишке ашырылды.

Айыл чарба продукциясын сактоо, сорттоо, таңгактоо жана кайра иштетүү боюнча бир катар өндүрүш ишканалары, текстиль жана тигүү тармагынын ишканалары жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар ишке киргизилди. Жалпысынан өлкөнүн региондору боюнча 200дөн ашык жаңы ишкана түзүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча иш жүргүзүлдү.

Атап айтканда, киреше салыгын жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 2019-жылы киреше салыгын кайра бөлүштүрүүнүн коэффициентин 50/50 өлчөмүнөн 70/30 өлчөмүнө чейин өзгөртүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд. сом алат. Мындан тышкары, региондордогу өнөр жай ишканаларын колдоо үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2,0 млрд. сом салынган.

2025-жылга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен 50,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты бөлүп туруу чечилди.

Өнүгүүнүн региондук долбоорлорун каржылоонун өлчөмүн көбөйтүү боюнча донордук коомчулук жана финансылык институттар менен макулдашуулар жетишилди.

Насыя берүүнү кеңейтүү үчүн „Кепилдик фонду“ ачык акционердик коому кошумча 300 млн. сомго капиталдаштырылды, анын уставдык капиталы 582 млн. сомго чейин жеткирилди. Региондук долбоорлорду каржылоону көбөйтүү үчүн Россия-Кыргыз өнүгүү фонду (мындан ары — Фонд) 200 млн. сом суммасында насыя берди.

2018-жылы 755 млн. сом суммасындагы 656 кепилдик берилди.

Региондук масштабдагы долбоорлордун санын көбөйтүү максатында Фонд түздөн-түз каржылоонун чегин 1 млн. АКШ долларынан 200 миң АКШ долларына чейин төмөндөттү.

Региондук долбоорлорго насыя берүүнү көбөйтүү үчүн Фонддун долбоорлору боюнча иштеген коммерциялык банктарга чектөөлөр белгиленди.

Региондордо транспорттук, энергетикалык жана социалдык инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат.Коопсуздукту камсыз кылуу жана өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 3 жылдын ичинде республикалык бюджеттен 296,2 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылууга багытталган бир катар эл аралык макулдашуулар демилге кылынды жана кол коюлду.

Дээрлик 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 1901 гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылуу жана 1600 гектар жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 596 токтому менен 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы бекитилди.

4 жаңы фитосанитардык лаборатория курулду жана 18 ветеринардык лаборатория оңдолуп, калыбына келтирилди жана жабдылды.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча масштабдуу иш башталды.

»Түндүк« ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына 31 мамлекеттик орган кошулду. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы тесттик режимде ишке киргизилди.

»Коопсуз шаар« долбоорун ишке ашыруу башталды.

»Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри« жана „Бузуулардын бирдиктүү реестри“ деген автоматташтырылган маалымат системалары ишке киргизилди.

Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруу боюнча реформалар башталды. Электрондук салыктык отчет берүү жана электрондук патент киргизилди. Электрондук эсеп фактураларды, онлайн режимде маалыматтарды берүү функциялары бар контролдук-кассалык машиналарды, товарларды маркалоону жана товарлардын кыймылын көзөмөлдөөнүн электрондук системасын киргизүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалды.

Соттук-укуктук органдар үчүн жаңы мыйзамдык негиздерди түзүү аяктады. Жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндө 5 жаңы кодекс жана „Пробация жөнүндө“ жана „Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө“ мыйзамдар колдонууга киргизилди.

Эми өлкөнүн бардык аймагында жаңы технологияларды колдонуп региондорду, жалпысынан алганда өлкөнү өнүктүрүүгө жана коомубуздун санариптештирүүдөн пайда табуусуна жаңы дем берүү керек.

Өз ишинде санариптик технологияларды кеңири колдонгон мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун заманбап институттарын түзүү зарыл.

Сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура биринчи кезекте киргизилүүгө тийиш.

Экономиканы туруктуу өстүрүүгө түрткү берген бардык ресурстарды жана жеке сектордун демилгелерин бириктирүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Адамдык капиталга инвестиция тартууга дем берүү, илимий-изилдөө ишин жана бизнестеги инновацияларды колдоо механизмдерин киргизүү керек.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү 2019-жылы башкы багыт болуп калат. Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кеңири тилкелүү интернетти камсыз кылуу керек, анын жыйынтыгында өлкө маалыматтарды берүүчү глобалдык тармактарга жана магистралдарга кыйла натыйжалуу, ишенимдүү жана арзан кошулат.

Маалыматтарды жыйноонун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана талдоонун корголгон инфраструктурасын түзүүгө абдан көңүл буруу зарыл.

Өлкөнүн энергетикалык потенциалын колдонуп жана эл аралык стандарттар боюнча тиешелүү коопсуздукту камсыз кылып дата-борборлорду куруу зарыл.
Заманбап санариптик инфраструктура мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке сектордун жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн жаңы платформаларды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Санариптик технологияларды өздөштүрүү жана жайылтуу максатында мамлекет технологиялык трансфердин региондук борборун калыптандыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 „2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө“ Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын „2023-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары“ деген V бөлүмүнө ылайык санариптик технологиялар билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, айыл чарбасы, телекоммуникациялар, банк сектору, жеңил өнөр жайы жана курулуш сыяктуу чөйрөлөргө артыкчылыктуу түрдө киргизилүүгө тийиш.

Интернет технологияларын колдонуу аркылуу региондордун жашоочулары бизнести өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жашаган жерине карабастан ээ болушу керек. Интернет сооданын жаңы инструменттери аркылуу региондор ортосундагы жана чек аралык сооданы өнүктүрүү зарыл.

Ар бир фермер рыноктордун абалы жана өстүрүлгөн продукцияны сатып өткөрө турган максаттуу рыноктордогу анын болжолдуу баасы жөнүндө маалыматты интернет кызмат көрсөтүүсү аркылуу алып турууга тийиш.

Интернет платформалар региондордо чакан жана орто бизнес үчүн зарыл болгон маалыматтар алынуучу орун болуп калат.

Санариптик технологияларды өнүктүрүү каржылоонун жаңы инструменттерин киргизүү үчүн негиз болууга тийиш.

Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди өнүктүрүү аркылуу региондорго банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кирүүсүн көбөйтүү зарыл.

Интернет кызмат көрсөтүүсү менен аймактарды ар тараптан камтуу региондордун жашоочуларына кирешенин жаңы же кошумча булактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

Өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү илгерилетүү жана социалдык тармактар аркылуу интернет бронду кеңири колдонуу жер-жерлерде айылдык туризмди өнүктүрүүгө түрткү берет.

Жарандардын жана бизнестин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу багыты мамлекетти санариптештирүүнүн негизи болуп калышы керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кайра байланыш механизми аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүүгө жарандардын жана жеке сектордун катышуусуна дем берүүгө тийиш.

Жеке маалыматтарды коргоонун жана киберкоопсуздуктун жетиштүү деңгээлин камсыз кылып, мамлекеттин негизги кызыкчылыктарын жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл аракеттерди көрүү керек.

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы санариптик бизнести өнүктүрүүнүн жана санариптик кызмат көрсөтүүнү экспорттоонун аянтчасы болуп калууга тийиш.

Маалыматтык коомду куруу, ошондой эле санариптик трансформациялоону жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүгө багытталган мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү максатында токтом кылам:

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган „Санарип Кыргызстан 2019-2023“ Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 „2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө“ Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашырууну улантсын;
— тиешелүү функцияларды жана ыйгарым укуктарды берүү менен региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктасын;
— „Санарип Кыргызстан“ деген бирдиктүү санариптик платформаларды: бирдиктүү идентификациялоо системасын, электрондук билдирүүлөрдүн бирдиктүү системасын, санариптик төлөмдөрдүн бирдиктүү системасын, „Түндүк“ ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталын жана мобилдик тиркемесин түзсүн жана киргизсин;
— бирдиктүү мамлекеттик дата-борборду түзсүн;
— „Санарип аймак“ деген муниципалдык башкаруунун санариптик платформасын түзсүн жана киргизсин;
— компетенциялардын региондук борборлорун (хабдарды) түзүү мүмкүндүгүн карасын;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөткөндө кагаз жүзүндөгү маалымкаттарды берген жана талап кылган практиканы жоюу боюнча чараларды көрсүн;
— эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү электрондук форматтагы накталай эмес түргө которуу менен билим берүү жана саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүнө маалыматтык технологияларды кеңири киргизүүнү камсыз кылсын;
— эл аралык стандарттарга жооп берген даярдоонун программаларын иштеп чыгып жана киргизип, келечектүү инновациялык жана жогорку технологиялык кесиптерди болжолдоонун процесстерин колдонуп маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптердин классификациясынын системасын иштеп чыксын;
— региондордо бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзсүн;
— региондордо чакан жана орто бизнестин субъекттерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоо көрсөтүү боюнча чараларды күчөтсүн;
— региондордун адистешүүсүн арттырууга жана өсүш орду болгон 20 шаарды ишке киргизүүгө, алардын атаандаштык артыкчылыктарын жана экспорт кылуучу ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын күчөтүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетсин;
— бар болгон сырьелук базаны эске алуу менен айыл чарба продукцияларын сактоо жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу программасын иштеп чыксын;
— Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу боюнча ишти күчөтсүн;
— региондордун өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча ар жылдык рейтингдерди киргизип, региондордун индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнө туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүп турсун;
— медициналык, билим берүүчүлүк жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландоонун, уюштуруунун жана каржылоонун системасын калктын муктаждыгына, демографиялык болжолго жана талдоого, региондорду өнүктүрүүнүн келечегине багыттап модернизацияласын;
— мамлекет кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүнүн интернаттык мекемелергеальтернативдүүболгон системасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизми аркылуу өнүктүрсүн;
— ар бир регион боюнча насыя берүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аныктап, региондук долбоорлорго насыя берүү боюнча мамлекеттик финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирсин;
— иш жүзүндөгү муктаждыкты, жүктөмдү жана эскирүүнүн даражасын эске алып, региондордун экономикалык жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча чараларды көрсүн;
— ирригацияны өнүктүрүү жана калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору боюнча тышкы жардамды координациялоону күчөтсүн;
— региондордогу инфраструктураны өнүктүрүүнү жана калкты жайгаштыруунун оптималдуу системасын калыптандырууну эске алып, административдик-аймактык реформа боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
— экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда эмгектин өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү боюнча чараларды көрсүн;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жергиликтүү бюджеттердин киреше табуудагы потенциалын көтөрүү боюнча чараларды күчөтсүн.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кызыкдар тараптар үчүн „Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри“, „Бузуулардын бирдиктүү реестри“ деген автоматташтырылган маалыматтык системалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна соттук системаны автоматташтыруу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте Санариптик билим берүү технологиялары жана региондук өнүктүрүү борборун түзсүн.

Мобилдик санарип эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бизнестин катышуусу менен электрондук форматтагы эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүүнүн санариптик инструменттерин иштеп чыгуу жана киргизүү сунушталсын.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».

Кыргыз Республикасынын
Президенти С. Ш. Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий