• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылда КР бюджетинин киреше бөлүгү 148,8 млрд. долларды түзөт – Минфин

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. КР Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоорун жана 2020-2021-жылдарга болжолун КРнын Бюджеттик кодексинин негизинде даярдап иштеп чыкты.

Аталган долбоор Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 26-апрелиндеги №2397-VI токтому менен бекитилген 2019-2021-жылдарга Бюджеттик резолюциясында аныкталган негизги артыкчылыктар жана багыттарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар мезгилинде «Биримдик, ишеним жана жаратмандык» өнүгүү программасын эске алуу менен иштелип чыкты.

Бюджет долбоорун эсептөө негизине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган 2019-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын параметрлери кабыл алынган.

Долбоорго ылайык, 2019-2021-жылдарга республикалык бюджеттин негизги параметрлери төмөнкүдөй болууда:

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси – жалпы кирешелер жана мамлекеттик тышкы инвестициялар менен гранттар – 167,4 млрд сом, (2019-ж), 175,0 млрд сом (2020-ж), 181,2 млрд сом (2021-ж.).

Республикалык бюджеттин кирешеси (жалпы кирешелер жана гранттар) – 148,8 млрд сом (2019-ж), 154,9 млрд сом (2020-ж), 159,8 млрд сом (2021-ж.). Жалпы чыгашалар: 158,4 млрд сом (2019-ж), 162,9 млрд сом (2020-ж), 162,3 млрд сом (2021-ж). Бюджеттин тартыштыгы: 9,7 млрд сом (2019-ж), 8 млрд 6,4 млн сом (2020-ж), 2,5 млрд сом (2021-ж).

Пикир

Оставить комментарий