• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2019-жылдагы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн ишинин жыйынтыгы

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасында соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жазык кылмыш мыйзамы күчүнө кирет.

Реформа аркылуу киргизилип жаткан жаңы институттар жана бир катар эскилеринен баш тартуу өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын ишин толук кайра түздү, ошондой эле жазык сот өндүрүшү тутумун кыйла өзгөртүп, аны гумандаштыруу багытына бурду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-жылы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча көптөгөн комплекстүү иштер аткарылып, келип чыккан практикалык маселелерди чечүү үчүн ыкчам чаралар кабыл алынды.

Жазык мыйзамынын өзгөчө институттарынын бири 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму экендигин баса белгилеп кетүү керек.

Бирдиктүү реестрди киргизүү кылмыштарды жаап-жашырууну жоюп, бүгүнкү күнү өлкө боюнча жасалган кылмыштардын жана жоруктардын, алар боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жалпы сүрөттөмөсү түзүлдү.

Бул система аркылуу бардык жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү жүрүүдө. Жакынкы жылдары электрондук кылмыш ишине жана жоруктар жөнүндө ишке жетишүү менен КЖБР тутумун мындан ары да жакшыртуу пландалууда.

Соттук-укуктук реформанын жаңылыктарынын бири Бузуулар кодексин ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан «Бузуулардын бирдиктүү реестри» маалыматтык системасы болуп саналат.

«Бузуулардын бирдиктүү реестри» системасы бузуулар жөнүндө иштерди кароонун бардык баскычтарында, бузуу тууралуу протокол түзүүдөн баштап салынган айыппулду төлөөгө чейин ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Система «Коопсуз шаар» модулу менен интеграцияланган, мында «Бузуулардын бирдиктүү реестри» системасында автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттардын жардамы менен катталган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар чагылдырылат.

Жазык мыйзамдарын гумандаштырууну эске алуу менен жаңы социалдык-укуктук институт – пробация иштей баштады.

Соттолгон жарандарды башкалардан обочолонтуу эмес, аларды туура жолго салууга жана укук бузуусун алдын алууга багытталган мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир жана социализациялоо чараларынын комплекси колдонула турган бул институт 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө киргенден тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаны мыйзамдарды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды жогоруда айтылган кодекстер менен мыйзамдарга ылайыкташтыруу боюнча көптөгөн иштер жасалды.

33 мыйзам долбоор жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү, 40тан ашык мыйзам долбоорду 2020-жылдын башында парламенттин кароосуна киргизүү пландалды.

Белгилей кетсек, учурда жогоруда айтылган институттарды өнүктүрүү жагы камтылган 2020-жылга карата соттук-укуктук реформаны мындан ары да жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелүүдө. Мындан тышкары кийинки жылы жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү боюнча иш кагаздардын долбоорун иштеп чыгуу маселесин демилгелөө пландалды.

Пикир

Оставить комментарий