• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдан тарта электромобилдер каттоо салыгынан бошотулат - МКК

Экономика 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. 2019-жылдан тарта электромобилдер каттоо салыктарынан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, гибриддик транспортту каттоо жана кайра каттоого КРнын салыктык эмес кирешелери тууралуу КР Кодексинин 50-беренесине жараша 50%га аз өлчөмдөгү салык алынат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын башынан тарта унааларды баалап каттоодо колдонгон 5% жана 0,3% жаңы тарифтик сетка ишке кирген. Салык төлөөчүлөр болуп унааны өз атына каттаткандар эсептелет. Унааны биринчи жолу каттоодо анын баасына жараша тарифтик сетка боюнча салыктын көлөмү 5%ы түзсө, аны кайра каттоодо салыктын көлөмү 0,3%ы түзөт.

Пикир

Оставить комментарий