• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2019-жылдын 1-январында жаңы Кылмыш кодекси иштей баштайт

Саясат 0

Чолпон-Ата, 24.10.18, /Кабар/. Ысык-Көл райондук администрациясынын имаратында соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча эксперттик жумушчу топтун көчмө отуруму өтүүдө.

Отурумга президенттин жана өкмөттүн аппаратынын, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана соттук-укуктук реформанын иш-чараларын мониторингдөө боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Көчмө иш-чаранын алкагында катышуучулар жаңы кылмыш мыйзамынын күчүнө киришине даярдыктын алкагында ишке ашырылып жаткан жумуштардын баскычтарын, жасалган иштердин мониторингин, даярдык учурунда пайда болгон маселелерди, техникалык камсыздоо маселелерин талкуулашууда.

Президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү Гүлмира Маматкеримова жыйында отургандарга эксперттик жумушчу топ жаңы кодекстердин күчүнө киришинин мониторингин жүргүзөрүн эскертти.

“1-январдан тарта бардык кызматтар жарандарды жаңы кодекс боюнча кабыл алышы керек. Келерки жылы биз кодекстердин учурдагы аткарылышын карайбыз. Бул аналитиканын негизинде кайсы жерде көйгөйлүү тилкелер бар экенин карайбыз, бүтүндөй аналитика президентке түшүп турат. Андан соң эксперттердин катышуусунда тигил же бул чечим кабыл алынат”, - деди Маматкеримова.

“Биздин жумушчу топто кодексти иштеп чыгуучулар бар. Биз кыска мөөнөттө кагазда болгон нерселерди ишке ашыра алабыз деп ойлойм”, - деп кошумчалады ал.

Ар бир облустун активдүүлүк мониторингинин жыйынтыгында эксперттик топ бийликтин аткаруу органына багыттала турган сунуштарды алып чыгат.

Белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунда жаңы кодекстерди ишке ашыруу боюнча техникалык көйгөйлөр дагы деле бар.

Жолугушууда Кыргызстандагы соттук-укуктук системаны реформалоо боюнча бардык иштер үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын аягына чейин аяктап, 2019-жылдын 1-январынан баштап өлкөнүн мыйзамдык-укуктук базасы жаңы система боюнча иштей башташы керектиги айтылды.

Мындай тапшырма мамлекет башчы тарабынан берилген жана мөөнөтүнөн өтүп кетүү болбошу керек.

Пикир

Оставить комментарий